«Мен кыйноолорго каршымын» маалыматтык кампаниясынын 26-күнү

СИЗ КАНДАЙ ОЙЛОЙСУЗ, кыйноолорго дуушар болгон адам мурункудай жашай алабы, мурункудай жылмайып, эркин сүйлөп, өз оюн билдире алышы мүмкүнбү? Буга толук ооба деп жооп бере албайбыз, себеби, ал үмүтүн жана ишенимин жоготту. Кыйноолордон кийинки стресс жабырлануучуга гана эмес, жана анын үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөсүнө оор таасир этерин сөз менен айтып бере алгыс. Кыйноолордун айынан жаркын келечекке аттанып, алдыга умтулуп келе жаткан адамдын шагы сынып, үмүтү үзүлдү десек болот.Кыйноодон жана катаал мамилени кечирген адам, ар түрдүү ооруларга чалдыккан учурлар дагы көп кездешет.

Мырзабектин окуясын окуп чыккан соң, биз менен бирге телеалпаруучу Айзада Жамгырчиева дагы тарапта калган жок.Бүгүн силерге жөнөкөй география сабагынан берген мугалим Мырзабектин өкүнүчтүү окуясы жөнүндө сөз кылабыз.

Мырзабектин жөнөкөй география мугалими жөнүндөгү окуясы кыйноолордон жана катаал мамилелерден кийин жашоо эч качан мурдагыдай болбой тургандыгын көрсөтүп турат. 2017-жылдын 25-декабрында, жаңы жыл алдында, жергиликтүү география мугалими Мырзабек бакчадагы кошунасына барган. Кошуналар сүйлөшүп, бир бөтөлкө сыра ачып, келе жаткан жылды белгилөөнү чечишти. Достор жайнап отурушуп, кеч киргенде тарап кетишкен. Бир нече сааттан кийин, коңшунун жайытынан 3 кой кайтып келбегендиги маалым болду. Мырзабекти жактырбаган кошунасынын аялы андан шектенип, бул тууралуу милиция кызматкерлерине билдирген. Алар Мырзабекти үйүнөн алып чыгып, ички иштер бөлүмүнө алып барышып, башына желим баштык кийгизип, үч кочкордун уурдалгандыгын мойнуна алуу талабы менен сабашкан. Алар Мырзабек эсин жоготкуча сабаган. Ал кыйналганга жана сабаганга чыдай албай, 3 кочкордун наркын төлөп берүү милдетин алган жана кагазга кол койгон. Эртеси ал катуу ооруп, ооруканага жаткырылды. Бул иш боюнча соттук териштирүү азыркы учурга чейин улантылууда. Кызыктуу факт: 3 кочкор табылган, алар башка кошунанын короосуна кирип кеткендиги далилденген. Бүгүнкү күндө Мырзабек чарчап, акыйкаттыкка ишенбейт, бирок дагы деле күрөшүп келет. Кыйноолордон кийин анын психологиялык абалы оор боло түштү. Буга чейин эч качан зомбулукка кабылбаган мугалим мурункудай жашай алабы?