«Эл Аралык Коргоого Көмөктөшүү Борборунун» Конституциялык палатада сот ишин утуп алды

«Эл Аралык Коргоого Көмөктөшүү Борборунун» Конституциялык палатада сот ишин утуп алды

«Эл Аралык Коргоого Көмөктөшүү Борбору» Конституциялык палатада сот ишин утуп алды Конституциялык палата Жазык кодексинин 170-беренесине берилген эскертүүнү Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келет деп тапты. 
2020-жылы «Эл аралык Коргоого Көмөктөшүү борборунун» юристи Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 170-беренесинин эскертүүсүн туура эмес колдонуу практикасына туш болгон.

Уюмдун юристи Жазык кодексинин 170-беренесинин эскертүүсүн талдап, анализдеп «Адамды уурдаган учурдан тартып, 72 сааттын ичинде ыктыярдуу бошоткон адам ушул берененин 1-бөлүгүндө же 2-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган иши үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат» деп аталган эскертүүсү Конституцияга каршы келет деп Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык Палатасына кайрылган.

Аталган кайрылууну 10-мартта Конституциялык Палата карап, келтирилген аргументтерди жана негиздемелерди эске алып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 170-беренесинин эскертүүсү Конституцияга карама каршы келет деп тапты. Бул «Эл Аралык Коргоого Көмөктөшүү Борборунун» Кыргызстанда Конституциянын жана адам укугунун сакталышына жана адам сатууну алдын алууга кошкон кичинекей ийгилиги деп эсептейбиз.