Бишкекте өткөн тренинг: жеке иш менен камсыздоо агенттиктери адам сатууга каршы күрөшүүдө кантип маанилүү ролду аткарууда
Күнү: 20-ноябрь, 2024 жыл.
Орду: Бишкек, «Европа» мейманканасы
Эмгек миграциясы азыркы замандын ажырагыс бөлүгү гана эмес, ал мүмкүнчүлүктөр менен катар олуттуу тобокелчиликтерди да камтыйт. Азыркы миграциялык агымдарда жеке иш менен камсыздоо агенттиктери негизги байланыш катары иш алып барып, жумуш берүүчүлөр менен мигранттарды байланыштырып турат. Бирок бул функция чоң жоопкерчиликти да жүктөйт. Адам сатуу механизмдери боюнча жетиштүү маалыматтын жоктугу агенттиктерди эксплуатациянын чынжырчасынын бир бөлүгүнө айландырып, бул айлампада кыйынчылык пайда кылып коюшу мүмкүн.
Мына ушул маселелерди чечүү максатында 2024-жылдын 20-ноябрында Бишкек шаарында жеке иш менен камсыздоо агенттиктеринин өкүлдөрү үчүн өзгөчө маанилүү тренинг болуп өттү.
Анын негизги максаты — миграция процесстеринде тобокелчиликтерди минималдаштыруу жана агенттиктердин адам укуктарын коргоодогу ролун бекемдөө болуп саналды.
Эмне үчүн бул маанилүү?
Жекече иш менен камсыздоо агенттиктери — бул жөн гана жумуш берүүчү менен жумуш издеп жүргөндөрдүн ортосундагы ортомчу эмес. Алар эксплуатацияга каршы күрөшүүдө эң алгачкы коргонуу линиясын түзөт. Адам сатуу белгилерин баштапкы этаптарда аныктоо жөндөмү мигранттардын укуктарын жана коопсуздугун камсыздоодо чечүүчү фактор боло алат.
Тренингдин негизги темалары:
1. Адам сатуу коркунучтары: Иштөө процесстериндеги коркунучтар жана аларды алдын алуу чаралары.
2. Эксплуатация формалары: Мажбурлап иштетүү, алдамчылыктын схемалары жана башка көрүнүштөр.
3. Жабырлануучуларды аныктоо: Миграциялык агымдардагы аярлуу топторду таанып билуу.
4. Адам сатууга кабылган курмандыктардын белгилери: Этияттык менен кароону талап кылган жүрүм-турум көрсөткүчтөрү же эрежелери.
5. КР мыйзамдары: Улуттук мыйзамдар жана ал ченемдердин агенттиктердин ишиндеги мигранттарды коргоодогу ролу.
Тренингдин жыйынтыктары:
Тренингдин аягында өткөрүлгөн пост-тестирлөө катышуучулардын материалды өздөштүрүү деңгээлинин жогору экенин көрсөттү.
Катышуучулар төмөнкүдөй натыйжаларга жеткенин белгилешти:
- Адам сатууга байланышкан коркунучтар жана схемалар боюнча так түшүнүк алуу
- Шектүү учурларды аныктоо боюнча практикалык куралдар.
- Мамлекеттик органдар менен мыйзамдык негизде кызматташуунун жана иштиктүү мамиле түзүүнүн көндүмдөрү.
Эмне үчүн бул инвестиция келечек учун керек?
Дуйнолук глобалдашуу шарттарында жеке иш менен камсыздоо агенттиктери коопсуз жана этикалык миграцияны камсыз кылууда маанилүү звено болуп саналат. Бул сыяктуу тренингдер кызматкерлердин квалификациясын жогорулатып, адам укуктарын коргоого багытталган жаңы маданиятты түзүүгө салым кошот.
"Мен көп жылдан бери иш менен камсыздоо тармагында эмгектенем, бирок бул тренинг мен үчүн адам сатууга каршы күрөшүүдө биздин жоопкерчилигибиздин масштабы тууралуу жаңы түшүнүк берди. Эксплуатация белгилерин аныктоону, мигранттарды ар бир этапта коргоо механизмдерин жана мыйзамдуу иш алып барууну ушул окуудан үйрөндүм. Практикалык кейстерди талдоо өзгөчө пайдалуу болду. Эми мен адамдарга жумуш табууга жардам берүүдөн тышкары, алардын укуктарын да коргоого салым кошо алам деп ишенем. Уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиремин!" — тренингдин катышуучусу.
Бишкекте өткөн тренинг — эмгек чөйрөсүндө ачыктыкты жана этикалык мамилени өнүктүрүүгө жасалган дагы бир маанилүү кадам.
Бул долбоор Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги тарабынан каржыланган. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундуулар жана пикирлер, авторлордун оюн гана билдирет. АКШ мамлекеттик департаментинин коз карашына дал келбеши мүмкүн.
----
Как тренинг в Бишкеке укрепил роль частных агентств занятости в борьбе с торговлей людьми
Дата: 20 ноября 2024 года
Место: Бишкек, отель «Европа»
Трудовая миграция в современном мире — это не только возможности, но и риски. Частные агентства занятости оказываются на передовой этого процесса, формируя мост между работодателями и мигрантами. Однако с этой ролью приходит и ответственность: отсутствие знаний о механизмах торговли людьми может сделать агентства частью цепочки эксплуатации.
20 ноября 2024г. в Бишкеке прошел знаковый тренинг для представителей частных агентств занятости, направленный на минимизацию этих рисков.
Главный вопрос: почему это имеет значение?
Частные агентства занятости — это не только проводники для трудоустройства, но и первый барьер против эксплуатации. Их способность выявлять признаки торговли людьми на ранних этапах может стать решающим фактором в защите прав мигрантов.
Пять ключевых вопросов тренинга
1. Риски торговли людьми в трудоустройстве: Какие угрозы существуют и как их избежать?
2. Формы эксплуатации: От трудового рабства до недобросовестных схем.
3. Идентификация жертв: Как распознавать уязвимых мигрантов на маршрутах?
4. Признаки жертв торговли людьми: Поведенческие маркеры, которые нельзя игнорировать.
5. Законодательство КР: Что говорит закон, и как он может помочь агентствам в защите мигрантов?
Результаты
Тренинг завершился пост-тестированием, подтвердившим высокий уровень усвоения материала.
Участники отметили, что программа дала им:
- Четкое понимание угроз и схем, связанных с торговлей людьми.
- Практические инструменты для выявления подозрительных ситуаций.
- Навыки взаимодействия с госструктурами и соблюдения законодательства.
Почему это инвестиция в будущее?
В условиях глобализации частные агентства занятости становятся важным звеном в обеспечении безопасной миграции. Такие тренинги не просто повышают квалификацию сотрудников, они формируют новую культуру ответственного подхода к трудовой миграции, где защита прав человека становится приоритетом.
"Работаю в сфере трудоустройства уже несколько лет, но впервые осознала, насколько велика наша ответственность в борьбе с торговлей людьми. Благодаря тренингу я научилась распознавать признаки эксплуатации и лучше понимать, какие действия могут защитить мигрантов на каждом этапе их трудового пути. Особенно полезными для меня были практические кейсы, где мы разбирали реальные ситуации и учились применять полученные знания на практике. Теперь я уверена, что смогу стать частью системы, которая не только помогает людям найти работу, но и защищает их права. Спасибо организаторам за знания!" - Участница тренинга.
Каждое новое знание — это шаг к созданию прозрачной и этичной системы трудоустройства. Тренинг в Бишкеке тренинг стал именно таким шагом.
Этот проект был финансирован Посольством США в Кыргызской Республике. Мнение, выводы и рекомендации, выраженные здесь, представляют мнение автора и не обязательно отражают точку зрения Государственного департамента США.
---
How a training in Bishkek strengthened the role of private employment agencies in combating human trafficking
Date: November 20, 2024
Location: Bishkek, Europa Hotel
Labor migration in the modern world presents not only opportunities but also risks. Private employment agencies stand at the forefront of this process, serving as a bridge between employers and migrants. However, this role comes with a responsibility: a lack of knowledge about the mechanisms of human trafficking can make agencies unwitting links in the chain of exploitation.
On November 20, 2024, Bishkek hosted a landmark training for representatives of private employment agencies, aimed at minimizing these risks.
The key question: why does this matter?
Private employment agencies are not just facilitators of employment—they are also the first line of defense against exploitation. Their ability to identify signs of human trafficking at early stages can be a decisive factor in protecting migrants’ rights.
Five core topics addressed in the training:
1. Risks of human trafficking in employment: What threats exist, and how can they be mitigated?
2. Forms of exploitation: From forced labor to fraudulent schemes.
3. Identifying victims: How to recognize vulnerable migrants along migration routes.
4. Indicators of human trafficking victims: Behavioral markers that should not be overlooked.
5. Kyrgyz Republic Legislation: What the law says and how it can assist agencies in protecting migrants.
Outcomes
The training concluded with post-assessments, which demonstrated a high level of material retention among participants.
Participants noted that the program provided them with:
• A clear understanding of threats and schemes associated with human trafficking.
• Practical tools for identifying suspicious situations.
• Skills to effectively interact with government authorities and comply with legislation.
Why is this an investment in the future?
In an era of globalization, private employment agencies play a pivotal role in ensuring safe migration. Such trainings not only enhance the professional qualifications of staff but also cultivate a culture of responsibility in labor migration, where protecting human rights becomes a priority.
"I have been working in employment services for several years, but this training was the first time I truly realized the magnitude of our responsibility in combating human trafficking. Thanks to this program, I learned how to identify signs of exploitation and gained a deeper understanding of actions that can protect migrants at every stage of their employment journey. The practical case studies, where we analyzed real-life scenarios and applied our knowledge, were particularly valuable. Now, I am confident that I can contribute to a system that not only helps people find jobs but also safeguards their rights. Thank you to the organizers for this invaluable knowledge!" – Training participant.
Every new piece of knowledge is a step toward creating a transparent and ethical employment system. The Bishkek training was exactly such a step.
This project was funded by the U.S. Embassy in the Kyrgyz Republic. The opinions, conclusions, and recommendations expressed herein are those of the author and do not necessarily reflect the views of the U.S. Department of State.