Кызыл-Кыяда студенттер үчүн коопсуз миграция жана адам сатууга каршы маалыматтык сессия

Кызыл-Кыяда студенттер үчүн коопсуз миграция жана адам сатууга каршы маалыматтык сессия

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин «Кыргыз Республикасына миграция жана адам сатууга байланыштуу маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында, 2024-жылдын 21-октябрында “Эл аралык Коргоого Көмөктөшүү борбору" Кызыл-Кыядагы М.М. Тайыров атындагы гуманитардык-педагогикалык институттун, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин филиалынын, Н.Мусаев атындагы кесиптик лицей № 8, Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институту, Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжи студенттери үчүн маалыматтык сессия өткөрдү.

Бул иш-чара студенттердин коопсуз миграция принциптери жана адам сатуу коркунучтарын алдын алуу боюнча маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.

Сессиянын алкагында төмөнкү эксперттер сөз сүйлөштү:
• Акылбек Ташбулатов, Эл Аралык Коргоого Көмөктөшүү Борборунун директору;
• Марлис Джумабаев, ЖК Төрагасынын алдында миграция жана адам сатууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча катчылыктын жетекчи орун басары.


Иш-чара Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын колдосуу менен уюштурулду.
Иш-чаранын катышуучулары эксперттерге суроо берип, айрым конкреттүү учурларды талкуулап, миграция маселелери менен туш болгон адамдар үчүн жеткиликтүү ресурстар тууралуу маалымат алышты. Студенттер миграцияга байланыштуу маселелерди талкуулоодо активдүүлүгүн көрсөтүп, өздөрүнүн байкоолору менен бөлүшүштү.

Иш-чаранын соңунда жаштарды коопсуз миграция боюнча маалыматтуу болуп, сактыкка чакырып, өз теңтуштары арасында бул жаатта маалымат жайылтууга активдүү катышууга үндөштү.

 

Информационная сессия для студентов по вопросам безопасной миграции и торговли людьми в Кызыл-Кыя

В рамках проекта Программного офиса ОБСЕ в г. Бишкек «Содействие Кыргызской Республике в решении вопросов, связанных с миграцией и торговлей людьми», Центр Содействия Международной Защите (ЦСМЗ) 21 октября 2024 года организовал информационную сессию для студентов Кызыл-Кийского гуманитарно-педагогического института имени М. М. Тайирова, филиала Кыргызского государственного технического университета имени И. Раззакова, Профессионального лицея №8 имени Н. Мусаева, Кызыл-Кийского Института технологии, экономики и права, Кызыл-Кийский горно-технический колледж инноваций и экономики имени Т.Кулатова.

Мероприятие было направлено на повышение осведомленности студентов о принципах безопасной миграции и предотвращении рисков торговли людьми.

В рамках сессии выступили эксперты:

  • Акылбек Ташбулатов, Директор Центра Содействия Международной Защите;
  • Марлис Джумабаев, Заместитель руководителя секретариата по вопросам миграции и противодействия торговле людьми при Төрага ЖК КР.

Мероприятие прошло при поддержке мэрии города Кызыл-Кыя.

Участники мероприятия имели возможность задать вопросы экспертам, обсудить конкретные случаи и узнать, какие ресурсы доступны для тех, кто сталкивается с миграционными проблемами. Студенты проявили активный интерес, участвуя в дискуссиях и делясь личными наблюдениями о проблемах, связанных с миграцией.

Мероприятие завершилось призывом к молодёжи быть бдительными, информированными и активными в распространении знаний о безопасной миграции среди своих сверстников.