Коопсуз миграция: ОшМУда студенттер менен жолугушуу

Коопсуз миграция: ОшМУда студенттер менен жолугушуу

2024-жылдын 23-октябрында ОшМУда коопсуз миграция жана адам сатуунун алдын алуу боюнча студенттер үчүн маалымат жыйыны болуп өттү. Иш-чаранын максаты - жаштар арасында коркунучтар жана коопсуз миграция, ошондой эле кулчулуктун заманбап түрлөрүнөн коргонуу жолдору тууралуу маалымат берүү.

Иш-чаранын форматы ачык диалогду жана студенттердин активдүү катышуусун камтыды: алар суроолорду беришти, реалдуу учурларды талкуулашты жана өз байкоолору менен бөлүшүштү. Эксперттер бардык суроолорго  жооп берип, чет өлкөдө оор кырдаал жаралганда колдоо жана жардамды кайдан издөө жол-жоболорун түшүндүрүштү.

Искусство факультетинин студенттери иш-чарага өзгөчө маанай тартуулашты, алар миграция жана адам укуктары темасына арналган ырларды жана театралдаштырылган оюн-зоокторду тартуулашты. Бул презентациялар миграциянын тобокелдиктерин түшүнүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, катышуучуларды социалдык жоопкерчилик жөнүндө ойлонууга шыктандырды.

Бул иш-чара студенттер үчүн маанилүү билим берүү жана маданий аянтча болуп калды, аларга миграциянын учурдагы көйгөйлөрүн жана миграция учурунда өзүн кантип коргоону жакшыраак түшүнүүгө жардам берди.

Уюштуруучулар жана катышуучулар миграция жана адам сатуудан коргоо маселелеринде жаштардын маалыматтуу жана жоопкерчиликтүү болушу керектигин баса белгилешти. Бул коркунучтардан сактанууга жардам берет жана теңтуштар арасында билимди жайылтууга, коопсуз жана маалымдуу коомду түзүүгө жардам берет.

Уюштуруучулар: Ош шаарынын мэриясы, ОшМУ, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, Эл аралык коргонууга көмөктөшүү борбору.омду түзүүгө жардам берет.

Безопасная миграция: Встреча со студентами в Ошском государственном университете

23 октября 2024 года в Ошском государственном университете состоялась информационная сессия для студентов, посвящённая вопросам безопасной миграции и предотвращению торговли людьми. Цель мероприятия — повысить осведомлённость молодёжи о рисках и безопасной миграции, а также о способах защиты от современных форм рабства.

Формат мероприятия предполагал открытый диалог и активное участие студентов: они задавали вопросы, обсуждали реальные кейсы и делились своими наблюдениями. Эксперты подробно ответили на все вопросы и объяснили, где искать поддержку и помощь при возникновении сложных ситуаций за границей.

Особую атмосферу мероприятию придали студенты факультета искусств, которые подготовили творческие номера — исполнили песни, прочитали стихи и представили театральные постановки, посвящённые теме миграции и прав человека. Эти выступления подчеркнули важность осознания рисков миграции и вдохновили участников задуматься о социальной ответственности.

Это мероприятие стало важной образовательной и культурной площадкой для студентов, помогая им лучше понять актуальные миграционные вызовы и как обезопасить себя в случае выезда в миграцию.

Организаторы и участники подчеркнули необходимость информированности и ответственности молодёжи в вопросах миграции и защиты от торговли людьми. Это поможет избежать угроз и способствовать распространению знаний среди сверстников, создавая более безопасное и осведомлённое общество.

Организаторы: мэрия г. Ош, Ошский государственный университет, программный офис ОБСЕ в Бишкеке, Центр Содействия Международной Защите.