Жалал-Абад жана Баткенде адам сатуу коркунучтары боюнча тренингдер
22-октябрь – Жалал-Абад шаары
24-октябрь – Баткен шаары
«Кыргызстанда адам сатуунун алдын алуу максатында кызыкдар тараптардын катышуусун кеңейтүү жана адам сатуунун коркунучтары тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу» долбоорунун алкагында Эл аралык коргоого көмөктөшүү борбору (ЭККБ) адам сатуу жана эмгектик эксплуатациянын алдын алуу темасында эки күндүк мазмундуу жана жемиштүү тренингдерди өткөрдү.
Жеке сектордо мигранттар менен иштеген жана кызмат көрсөткөн өкүлдөр адам сатуу коркунучтарын түшүнүп, эксплуатация жана трафикинг схемаларына билинбей аралашуунун алдын алуусу өтө маанилүү деп эсептейбиз.